Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капысынан, байкоосуздан боло калган кооптуу нерседен, угулган кабардан улам катуу коркуп кетүү, эмне кыларын билбей апкаарый түшүү. Алымдын кумсарган өңүн көрүп, Анархан менен Дарыяхандын жүрөктөрү оозуна тыгылды (Жантөшев). Уулжандын жүрөгү оозуна тыгылып, уйпаланган чачын жыя албай будаланды (Каимов). Какач бейтааныш адамды көрүп жүрөгү оозуна тыгылды (Жоошбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капысынан, байкоосуздан боло калган кооптуу нерседен, угулган кабардан улам катуу коркуп кетүү, эмне кыларын билбей апкаарый түшүү. Ачкыччы калтырады, көзү алайып, жүрөгү оозуна тыгылды (Жантөшев). Алымдын кумсарган өңүн көрүп, Анархан менен Дарыяхандын жүрөктөрү оозуна тыгылды (Жантөшев). Уулжандын жүрөгү оозуна тыгылып, уйпаланган чачын жыя албай будаланды (Каимов). Какач бейтааныш адамды көрүп жүрөгү оозуна тыгылды (Жоошбаев). В.: Жүрөгү оозуна капталуу. Адегенде мышыкпы деп шек санап, жакындан байкаганда гана жүрөгү оозуна капталып, дароо телефон чалган тура. Эргештин жүрөгү оозуна каптала түштү (Миялиев). Жүрөгү оозуна кептелүү. Бирок, талаанын четине жеткенде, жүрөгү оозуна кептелип кайсалап калды («Ала-Тоо»). Жылдызкандын жүрөгү оозуна кептелет (Байтемиров). Жүрөгү оозуна келүү. Жүрөгүм оозума келип, башым айланып кетти (Абдукаримов). Жүрөгү алкымына капталуу. Бүткөн боюм дүр дей түшүп, жүрөгүм алкымына капталды («Ала-Тоо»). Жүрөгү алкымына кептелүү. Ышкынаалынын жүрөгү алкымына кептелди (Байтемиров). Жүрөгү алкымына тыгылуу. Акбаланын жүрөгү алкымына тыгылды (Укаев). Өх, жүрөгүм алкымыма тыгыла түшпөдүбү... (Медетов).